Жамбыл облусунда «Казакмыс» компаниясына таандык Жайсаң шахтасында эки кенчи каза болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 27-ноябрда болду.
Компаниянын маалыматына караганда, тоо-кен жумуштары учурунда Г. Омаров атындагы шахтада 42 жана 21 жаштагы эки жумушчу жараланып, каза болгон.
Бул «Казакмыс» ишканасынын жумушчуларынын өлүмү менен аяктаган алгачкы кырсык эмес.
5-ноябрда Чыгыш Жезказган шахтасында тоо тектеринин урашынан 39 жаштагы кенчи каза болгон. 22-ноябрда ошол эле шахтада машинист конвейердин астында калып мерт кеткени кабарланган.