• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстан БШКсы сенат депутаттарын шайлоонун графигин бекитти

28 Жетинин айы 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2023-жылдын 14-январына белгиленген парламент сенатынын депутаттарын шайлоонун графигин бекитти. Бул тууралуу БШКнын төрага орун басары Константин Петров билдирди.

Анын айтымында, талапкерлерди көрсөтүү 29-ноябрда башталып, 14-декабрга чейин созулат. Талапкерлерди каттоону республикалык маанидеги шаардык жана облустук шайлоо комиссиялары ишке ашырат.

Талапкер маслихаттын атынан көрсөтүлсө, анда катталуу үчүн маслихаттардын тиешелүү чечимдери талап кылынат. Эгер жаран өз алдынча талапкерлигин койсо, анда талапкер болуу ниети тууралуу арыз жазышы керек болот. Мындан тышкары талапкерлер кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация тапшырып, 900 миң теңге (1925 доллар) өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгүшү зарыл.

Шайлоо өнөктүгүнүн алкагындагы үгүт иштери 24-декабрда башталып, 13-январда аяктайт. БШК шайлоонун жыйынтыктарын 20-январга чейин жарыялашы керек.

БШКнын төрага орун басарынын айтымында, добуш берүү укугуна ээ жарандардын 50% ашыгы катышса шайлоо өттү деп эсептелинет. Шайлоого катышкан жарандардын 50% көбүнүн добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат.

Казакстанда парламенттин жогорку палатасынын депутаттарын шайлоо 2023-жылдын 14-январына белгиленген. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев 26-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинен кийин кол койгон.

Конституция боюнча сенатка ар бир облустан, республикалык маанидеги шаарлардан жана борбор калаадан экиден депутат шайланат. Мындан тышкары он депутатты президент дайындайт. Казакстанда азыр 17 облус, республикалык маанидеги эки шаар – Алматы менен Чымкент бар. Жыйынтыгында сенатта 50 депутат болот.

Количество просмотров: 85