• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча «кызыл» аймакка кирди

30 Жалган куран 2021 15:41 Бишкек Govori.TV

Казакстан коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча «кызыл» аймакка кирди. Бул тууралуу Коомдук саламаттыктын улуттук борбору жарыялаган өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматтарда жазылган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, «кызыл» аймакта Алматы, Нур-Султан шаарлары, Атырау жана Батыш Казакстан облустары, «сары» аймакта Алматы, Актөбө жана Караганда облустары, «жашыл» аймакта өлкөнүн калган аймактары бар. Жалпысынан коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча өлкө «кызыл» аймакта деп эсептелинет.

Казакстанда аймактар инфекциянын жайылуу ылдамдыгынын көрсөткүчтөрүнө жараша үч түстөгү зоналарга бөлүнөт. Эгер 100 миң кишиге 50дөн ашык учур туура келсе «кызыл», 25тен 50гө чейин болсо «сары» жана андан аз болсо «жашыл» аймакка киргизилет.

Өткөн айдын ортосунан бери өлкөдө күн сайын коронавирус жуктурган миңден ашык жаңы учур катталууда. Акыркы бир нече күндөн бери бул көрсөткүч 1,5 миңден ашып жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр март айынан бери өлкөдө 243 318 кишиге коронавирус жугуп, 3 029 бейтап каза болду. Бул статистикага СOVID-19дун белгилери болуп, бирок анализи таза чыккан жарандар кошулган эмес. Өлкө бийлиги 1-августтан тарта мындай бейтаптарга «ковид типтүү пневмония» деген диагноз коюп, аларды өзүнчө эсептей баштаган. Ага ылайык, бул илдетке 50,4 миң киши кабылып, 684 адам көз жумду.

Количество просмотров: 85