• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Казакстан кыргыз картошкасына коюлган чектөөнү алмай болду

1 Жалган куран 201915:14 Бишкек Govori.TV


Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

2019-жылдын 28-февралында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. ​

Тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле конструктивдүү диалогду тереңдетүү боюнча милдеттерди аныкташты. ​

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, казак тарап фитосанитардык кызматынан алынган нотификациялар боюнча маалыматын караган соң,​ үстүбүздөгү жылдын 19-февралында киргизилген Казакстан Республикасына картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алып салуу каралган Протоколго кол коюлду. ​ Мындан тышкары кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган.

Тараптар Кыргыз Республикасына казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашышты, алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе ЕАЭБ Кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат. ​ Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, ошондой эле Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишти. ​

Сапардын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Количество просмотров: 12