• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Казакстан Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат

7 Чын куран 2022 17:55 Бишкек Govori.TV

11-апрелден тарта Казакстан өз жарандары жана чет элдиктер үчүн кургактыктагы чек араларына коюлган чектөөлөрдү алып салат. 

Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин маалыматына ылайык, мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынган.

Ошондой эле, ПЧР тестин колдонуу менен COVID-19 боюнча изилдөөнүн терс натыйжасы бар сертификатты же COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документти/паспортту милдеттүү түрдө көрсөтүү талабы казакстандыктар жана Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар үчүн, ошондой эле эмдөө паспортторун өз ара таануу менен чет өлкөлүк жарандар үчүн сакталып калат.

6-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондо сүйлөшүүдө чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүнгөн эле. Токаев бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бере турганын айткан.

Ошол күнү Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Нуран Ниязалиев жана Марат Сыздыков мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде чек араны ачуу маселесин талкуулаган.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жаткан.

Количество просмотров: 303