• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Казакстан Кыргызстандын картошкасына чектөөнү алып салууга даяр

1 Жалган куран 20199:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

Казакстан тарап чектөөнү алып салууга даяр.

Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлагандай, Астанада кыргыз азык-түлүгүнө салынган тыюу боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү өтөт.

Тараптар фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кол коюшту. Документ 17 пункттан турган конкреттүү иш-чаралардын тизмесин камтыйт. Баштапкы пункттар Кыргызстандын фитосанитардык кызматы тарабынан 2019-жылдын февраль айынан июль айына чейин аткарылышы керек.

Билдирүүдө чектөө кайсы күнү алынаары так айтылган жок.

Астанадагы жолугушууларга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген делегация катышууда.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган.

Количество просмотров: 15