• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан Кыргызстанга тоок этинин киргизилишине киргизген чектөөсүн мыйзамсыз деп билдирди

10 Тогуздун айы 2018 18:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
Айыл чарба министрлиги Алматы облусунда 10 жылдан бери куштардын эч кандай дарты байкалбаганын айтты.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга тоок этинин киргизилишине киргизген чектөөсүн мыйзамсыз деп атады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы куш тумоосу жайылууда деген шектен улам Казакстандан тоок эти менен бир катар продукцияны алууга убактылуу чектөө киргизген.
Коңшу өлкөнүн тийиштүү министрлиги Алматы облусунда 10 жылдан бери куштардын дарты катталбаганын билдирген. Маалыматка ылайык, куштардын арасында жайылган Ньюкасл оорусу боюнча Түндүк-Казакстан облусунун Айыртау районунда жарыяланган карантин 19-сентябрда алынган.
«Мындан улам Алматы жана Түндүк-Казакстан облустарынан тоок этин жана жумуртка алууга киргизилген чектөө мыйзамга ылайык келбейт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Тийиштүү кат Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жөнөтүлгөнү маалымдалды.
Булак: Спутник
Количество просмотров: 14