• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Казакстан: Парламенттик шайлоодо 12 миллиондон ашык жаран добуш бере алат

27 Бирдин айы 2023 15:47 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 19-мартта өтө турган мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоодо 12 миллиондон ашык жаран добуш бере алат. Бул тууралуу 27-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоочулар каалаган шайлоо тилкесинде добуш берүүгө укук берген атайын күбөлүктөрдү 4-марттан 18-мартка чейинки аралыкта алса болот. Ошол эле маалда жарандар бир мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлерге ошол аймактарда гана добуш бере алары белгиленген.

Мындан тышкары парламент мажилисине талапкерлерин көрсөткөн партиялардын дебаттары өтө турган күндөр белгилүү болду. Дебаттар мамлекеттик «Хабар» телеканалында көрсөтүлөт. Ага өлкөдө каттоодон өткөн жети партиянын өкүлдөрү катышат: «Аманат», Respublika, «Ак жол», «Ауыл», «Казакстандын элдик партиясы», «Байтак» жашылдар партиясы жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы.

2022-жылы өткөн президенттик шайлоонун алдындагы дебаттарга республикалык бюджеттен 63 миллион теңге бөлүнгөн.

Количество просмотров: 55