• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстан пияз экспорттоого жарым-жартылай уруксат берди

10 Чын куран 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Айыл чарба министрлиги пияз экспорттоого киргизилген тыюуну 8-апрелден 28-апрелге чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-апрелге чейин чет жакка 20 миң тоннага чейин пияз алып чыгууга уруксат берилет. Бир ишкер үчүн 500 тонналык чектөө бар.

Казакстан бааны турукташтыруу үчүн январдын ортосунда үч айлык мөөнөткө пияз экспортуна тыюу салган.

Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстан пияздан 1,1 миллион тонна түшүм алган. Ошол эле маалда казакстандыктар үч эсе аз, орточо 315 миң тонна пияз колдонот.

Ушул тапта пияздын 152,4 миң тонна запасы бар. Бул былтыркы түшүмдүн 14% гана түзөт. Айыл чарба министрлиги бул келерки түшүмгө чейин жетерин билдирүүдө.

Количество просмотров: 116