• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстан президенти Токаев митингге чыккан элге кайрылуу жасады

4 Үчтүн айы 2022 23:07 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингге чыккан жарандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

«Өкмөт туруктуулукту камсыздоо максатында Маңгыстау облусундагы газдын баасын 50 тенгеге түшүрдү. Демонстранттарга өлкөдөгү тынч абалды, элдин биримдигин бузганга аракет кылган деструктивдүү күчтөрдүн айткандарына кулак төшөбөөгө чакырам», — деп жазган Токаев.

Эске салсак, Казакстанда митингдер 2-январь күнү башталды. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык акциялары башталып, газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу талабын коюшкан.

Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип, чогулгандар тарай элек.

Количество просмотров: 2800