• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстан Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо иштери башталды

30 Тогуздун айы 2019 8:15 Бишкек Govori.TV

29-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казакстан ТИМдер аралык консультацияларга катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоонун жүрүшүн талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектерин белгилешти.

Количество просмотров: 92