• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстан: Шайлоого байланыштуу Конституциялык сотко 21 арыз түштү

29 Жалган куран 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Конституциялык сотуна маслихат жана мажилис шайлоолоруна байланыштуу жарандардан 21 кайрылуу келип түштү.  Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Конституциялык соттун компетенциясына туура келбеген 13 арыз кайра кайтарылган. Жарандардын көбү кайрылууларында “Шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жер-жерлерде аткарылышын талап кылышкан.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо 19-мартта өткөн. 27-мартта жарыяланган акыркы жыйынтыкка караганда, парламентке жети партиянын алтоо өттү. Бийликтеги “Аманат” партиясы мажилистеги 98 мандаттын 60ына ээ болду.

Көз карандысыз байкоочулар 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө. Алардын айтымында, бюллетендерди тобу менен салуу, сүрөткө тартуу, көз карандысыз байкоочулардын айрымдарын шайлоо тилкелеринен чыгаруу, протоколдорду берүүдөн баш тартуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталган.

Көз карандысыз байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экенин айтып, бийликке бир канча талаптарды коюп, митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Бийлик бул шайлоолор «таза» өткөнүн ырастаса, Башкы прокуратура «олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын» кабарлады.

Количество просмотров: 68