Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон «Келечектин оюндары» деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы айтылды. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги билдирди.
«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди», – деп айтылат маалыматта.
Февраль айында Казанда болгон жолугушууда Токаев Орусия президентине кезектеги «Келечектин оюндарын» Казакстанда өткөрүүнү сунуштаган.
Бул арада сентябрда Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кете турган чыгымдар оптималдаштырылат.
Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.