• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстанда 1938 кишиден коронавирус жана пневмония аныкталып, 20 адам өлдү

5 Чын куран 2021 16:10 Бишкек Govori.TV

Казакстанда акыркы суткада дагы 1938 кишиден коронавирус менен пневмония аныкталды: 1921инин коронавирус тести оң чыкса, 17 адамга «ковид типтүү пневмония» диагнозу коюлду. Мындан тышкары 20 киши каза болду: 18и коронавирустан, экөө коронавирус пневмониясынан көз жумду.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 255 028 адамдын коронавирус тести оң чыгып, 3 110 киши көз жумду. Дагы 702 адам «ковид типтүү пневмониядан» өлдү. Казакстанда 2020-жылдын 1-августтунан бери коронавирустук пневмониянын эсеби өзүнчө жүргүзүлө башталган. Расмий маалымат боюнча өлкө боюнча жалпысынан 50 832 адамдын өпкөсү кагынган.

Өлкөдө 1-февралдан тартып калкты жапырт эмдөө башталган. Соңку маалымат боюнча 174 269 адам вакцинанын кеминде бир дозасын алды.

Количество просмотров: 202