• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда автобустун жүргүнчүлөрү тоңуп кала жаздады

23 Үчтүн айы 2018 12:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2018. Govori.TV.

Астана – Петропавловск трассасында Van Hool үлгүсүндөгү автобус күйүүчү майы тоңуп жүрбөй калган. Казакстандын полициясы билдиргендей, салондо 43 жүргүнчү – эки айдоочу жана Түштүк-Казакстан облусу менен Өзбекстандын жарандары болгон.

Куткаруу кызматы жүргүнчүлөрдү Шортанды районунун Бозайгыр айылындагы жылынуу пунктуна алып келип, ысык тамак, түнөө үчүн орун берген.

Дүйшөмбүгө караган түнү полиция кызматкерлери Буланды районунда Мерке-Тюмень каттамы боюнча баратып бузулуп калган Setra автобусунун айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүшкөн. Салондо 55 киши болгон.

Катуу сууктан улам Акмоло облусунда коомдук транспорт үчүн бардык багыттар боюнча жолдор жабылды. Полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Өткөн аптада Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши салондун ичинде плитка менен жылынабыз деп каза болгон.

Количество просмотров: 6