Казакстанда баланы унаа койбой эле, өз атасы таш менен урган
Казакстанда баланы унаа койбой эле, өз атасы таш менен урган
2 Баш оона 201814:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.
Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда Казакстандын Алмата шаарында баласын унаа коюп кетти деп атасы билдирген маалымат жалган болуп чыкты.
Тактап айтканда, жолдон баланы коюп кеткен айдоочу аны жука төшөккө ороп, жолго таштап кетти делген маалымат 16-июлда полицияга түшкөн. Атасы да арыз менен аймактык милицияга кайрылган. Ал жумушка чыкканда уулу артынан ээрчип алганын байкабай калганын, кырсык тууралуу социалдык тармактан билгенин айткан. Ал киши ЖМК аркылуу кайрылып, жол кырсыгынын күбөлөрү болсо үн катууну суранган.
Бирок ,баласын машина койбой эле, өз атасы таш менен урганы аныкталды.
Ал эми сабалган 4 жашар Мухаммед табылары менен дароо ооруканага оор абалда алып келинип, операция жасалган. Ал көрсөтмө берип жатып:
«Бул окуя кандай болгонун билбейм. Мен ичип алгандыктан,аябай мас болчумун, өзүмдү билбей калдым. Ишемби күнү кесиптештер менен аябай ичкендиктен,жекшемби күнкү учур таптакыр эсимде жок. Ал эми дүйшөмбү күнү дагы жакын дүкөндөрдун бирине барып ичтим. Балам жанымда болчу ары-бери ойноп жүргөн, бир учурда жиниме тийе баштады. Ошондо аны ачууга алдырып катту уруп салдым. Ал жыгылып,эс учун жоготту. Бул үчүн мен жараткандын алдында күнөөлүмүн. Баарынан кечирим сураймын”- деген көрсөтмө берген.