• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда бир суткада 100дөн ашык кишиден COVID-19 аныкталды

29 Кулжа 2022 16:15 Бишкек Govori.TV

Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда 110 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул 28-июндагы көрсөткүчкө (ал күнү 61 жаңы учур катталган) салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Жаңы катталган 110 учурдун 56сы Алматы, 29у Нур-Султан, жетөө Чымкент шаарларына туура келет. Калган учурлар өлкөнүн башка аймактарында аныкталган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, Казакстанда акыркы жолу бир суткада 100дөн ашык адам коронавирус жуктурганы аныкталган акыркы учур быйыл март айында катталган.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин расмий өкүлү Ержан Байтанаевдин айтымында, өлкөнүн кайсыл бир аймагында бир сутканын ичинде 100дөн ашык жаңы учур катталса, ал аймак «кызыл» аймакка киргизилип, олуттуу ковиддик чектөөлөр болот.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 1 306 471 кишиге жетти. 29-июнда жарыяланган маалыматка караганда, учурда коронавирус жуктурган 528 киши дарыланып жатат. Алардын 93ү стационарларда, 435 бейтап амбулатордук деңгээлде дарыланууда.

Количество просмотров: 89