• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда эки баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

8 Бирдин айы 2024 16:47 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Түркстан облусунда үч жаштагы кыз менен беш жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук полиция департаменти билдирди.

Балдардын сөөгү 7-февралда облустун административдик борбору эсептелген Түркстан шаарындагы батирлердин биринде табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Билдирүүлөргө ылайык, балдар муунтуп өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Балдардын өлүмүнө Кызылордо облусундагы Шиели районунун 31 жаштагы тургуну шектелүүдө. Полициянын маалыматы боюнча, ал Чымкент шаарындагы мейманканалардын биринде кармалды. Ал диспансердик каттоодо болгон эмес.

Президентке караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева Facebook баракчасына «эки баланы апасы өлтүргөнүн» жазды. Анын айтымында, Кызылордо облусунун тургуну Түркстан шаарына келип, ижарага батир алып, андан соң «жакындарына балдарын өлтүргөнү жатканын кабарлаган».

Түркстан облустук акимчилигинин маалыматына караганда, аял батирди үй-бүлөлүк чырдан кийин эки суткага ижарага алган.

Otyrar.kz сайты Шиели райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме кылып, шектүү аял аймактагы балдарды мектепке чейин даярдоо мекемесинде иштегенин жазды.

Количество просмотров: 420