Бишкек.12.05.2019.Govori.TV.
Казакстанда эл ташыган автобус өрттөндү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Автобустун ичиндеги 12 киши өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми өрт жалбырттап күйүп, саат 10:42де өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өчүрүлгөн.
Белгилей кетсек, ушул эле Петропавловск шаарында 9-май күнү дагы бир коомдук транспорт күйгөн.