• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда Касым-Жомарт Токаев ант берди

26 Жетинин айы 2022 12:01 Бишкек Govori.TV

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев ант берип, кызматына киришти. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп жатат.

Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден кийин мамлекеттик гимн аткарылып, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Токаевге 6 млн 456 миң 393 шайлоочу (81,31%) добуш берген.

Количество просмотров: 97