• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт

22 Аяк оона 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленди. 21-сентябрда өлкө президентинин сайтына Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыгы менен кошо анын кайрылуусу жарыяланды.

Анда Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи.

1-сентябрда парламентте сүйлөп жатып Токаев президенттик мөөнөттү кайра шайлануу укугусуз жети жыл деп чектөөнү сунуштаган. 17-сентябрда Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылып, кайра шайлануу укугу алынып салынган.

Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катыша турганын билдирген. Эгер 20-ноябрдагы шайлоодо утса ал бийлик башында жалпысынан 10 жыл отурат.

Байкоочулар шайлоону атаандаштык шартында өткөрүүгө убакыт жетишсиз болуп калганын айтып жатышат.

Количество просмотров: 65