• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Казакстанда коронавирустун «индиялык штаммына» байланыштуу чектөө чаралары күчөтүлүшү мүмкүн

22 Кулжа 202115:10 Бишкек Govori.TV

22-июнда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө “индиялык штаммдын” белгилери байкалган вирустун мутациясы аныкталганына байланыштуу Нур-Султанда санитардык-эпидемиологиялык талапты күчөтүүнү тапшырды.

«Белгилүү болгондой, борбор калаада коронавирустун дельта-штаммга мүнөздүү болгон, тез жуккан жана тез өнүккөн, ошондой эле кесепеттери оорураак мутациясы аныкталды. Бүгүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү тапшырам», – деди Мамин.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ооруканаларды керектүү жабдуулар, дары-дармектер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Нур-Султан коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча “кызыл” зонага кирет. Шаарда өткөн суткада вирус жуктурган 323 жаңы учур катталган.

Количество просмотров: 87