• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда курал-жарак сатуу каналын уюштурган полиция кызматкерлери соттолду

16 Үчтүн айы 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коопсуздук органдарынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлери мыйзамсыз курал жүгүртүү каналын уюштуруу иши боюнча соттолду. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматы кабарлады.

Экинчи колго өткөн курал-жарактарды айлантуу каналын уюштурган ички иштер органдарынын азыркы жана мурдагы кызматкерлерин кармоо боюнча атайын операциянын биринчи айлампасы 2021-жылы декабрда Алматы шаары менен Алматы облусунда өткөн. Анда курал сатуу каналынын негизги уюштуруучусу жана анын үч шериги кармалган. Атайын кызматтын билдиришинче, уурулук схемасын «Түштүк» аскердик жана атайын камсыздоо базасы» ишканасынын кызматкерлери уюштуруп, эсептен чыгарылган куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды жасалма жок кылып турушкан.

Кармоо жана тинтүү жараяндары учурунда алардан 347 даана курал, 13 граната жана 7387 ок-дары алынган.

Алматынын Алмалы райондук сотунун чечими менен күнөөлүү кишилер эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылды. Коопсуздук органдарынын бир катар жетекчилери кызматтан алынды.

Количество просмотров: 70