• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө 42,5 млн доллар керектелет

9 Аяк оона 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 20 миллиард теңге (болжол менен 42,5 миллион доллар), парламенттик шайлоого 25 миллиард теңге (53,2 миллион доллар) талап кылынат.

Бул тууралуу бейшембиде Казакстандын каржы министринин орун басары Татьяна Савельева мажилис кулуарында билдирди.

“Президенттик шайлоо 2024-жылга пландалгандыктан, анын бюджети ошол жылга эсептелген болчу. Бирок өзгөрүүлөр менен жаңы тапшырмаларга байланыштуу каражат өкмөт резервинен бөлүнөт. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы эсептеп жатат. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун чыгымы – болжол менен 20 млрд тенге”, — деди Савельева журналисттерге.

Вице-министрдин айтымында, чыгымдын дээрлик 90% шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн маянасына кетет. Анын маалыматына караганда, өткөн шайлоолордо 65 миң киши иштесе, бул жолу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү 70 миң кишиден ашат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу кылып, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жана ага катышууга ниеттенип жатканын жарыялаган. Мындан тышкары ал 2023-жылдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүнү сунуштаган.

Количество просмотров: 116