Казакстанда Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясынын атынан президенттик шайлоого Нурлан Ауесбаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Мындай чечим партиянын 1-октябрда өткөн жыйынында кабыл алынды.
Съезддин делегаттары оппозициячыл саясатчылар Жасарал Куанышалин менен Уалихан Кайсардын талапкерлигин колдоодон баш тартышты.
65 жаштагы Нурлан Ауесбаев Жалпы улуттук социал-демократиялык партиянын Астанадагы бөлүмүн башкарат. Ал буга чейин курч саясий же социалдык-экономикалык маселелер боюнча кандайдыр бир билдирүү жасаган эмес. Коомчулук арасында бейтааныш.
Ауесбаев – президенттик шайлоого талапкерлиги көрсөтүлгөн экинчи адам. 30-сентябрда “Ауыл” партиясы Жигули Дайрабаевдин талапкерлигин тандаган. Ал пенсионер жана коомчулук арасында таанымал эмес.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин Казакстандын азыркы мамлекеттик башчысы, 69 жаштагы Касым-Жомарт Токаев да билдирген. Анын талапкерлиги “Аманат” партиясынын 6-октябрда өтө турган съездинде көрсөтүлөрү күтүлүүдө.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.