• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда орусиялык вакцинаны өндүрүүгө 15 миллиард теңге бөлүнөт

11 Бирдин айы 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы орусиялык «Спутник V» вакцинасын өндүрүү үчүн Караганды фармацевтикалык комплексине бюджеттен 15 млрд 175 млн теңге бөлүнөт. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Министрдин айтымында, жалпысынан «Спутник V» өндүрүүгө (бир бөлүгү Орусияда өндүрүлөт) 18 миллиард теңге бөлүнгөн. Буга чейин кеп 16,8 миллиард теңге жөнүндө болуп жаткан.

Вакцинанын баасы ушул тапта 26 доллар.

Дары-дармек тараткан «СК-Фармация» дистрибьютору дал ушундай баа менен Караганды фармацевтикалык комплексинен вакцина сатып алат.

Количество просмотров: 60