• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жарыяланды

27 Жалган куран 2023 15:09 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) партиялар жана бир мандаттуу округдар боюнча өткөн мажилис шайлоосунун акыркы жыйынтыктарын жарыялады.

Ага ылайык, буга чейин алдын ала кабарлангандай эле шайлоого катышкан жети партиянын алтоо парламентке өттү. Бийликтин «Аманат» партиясы шайлоочулардын 53,9%, «Ауыл» – 10,9%, Respublica – 8,59, «Ак жол» – 8,41%, «Казакстандын элдик партиясы» – 6,8% жана «Коомдук социал-демократиялык партия» 5,2% добушун алды. Шайлоочулардын 2,3% ишенимине ээ болгон «Байтак» партиясы беш пайыздык чектен өтө алган жок. Шайлоого катышкан жарандардын 3,9% баарына каршы добуш берген.

Парламентке бир мандаттуу округдардан шайланган 29 талапкердин 23ү «Аманат» партиясынын өкүлдөрү экени кабарланды. Бул партиянын мүчөлөрү аймактардагы жергиликтүү маслихаттарда да көпчүлүк орундарга ээ болушту.

Көз карандысыз байкоочулар 19-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн мажилис жана маслихат депутаттарын шайлоо жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө. Алардын айтымында, шайлоо күнү жана анын эртеси өлкөнүн түрдүү аймактарынан бюллетендерди топ-тобу менен салуу өңдүү мыйзам бузуу учурлары тартылган видеоматериалдар келип түшкөн. Мындан тышкары көз карандысыз байкоочулардын айрымдары шайлоо тилкелеринен чыгарылып, бюллетенди сүрөткө тартуу, протоколдорду берүүдөн баш тартуу жана байкоочулардын кыймылын чектөө сыяктуу «салттуу» мыйзам бузуулар катталган.

Көз карандысыз байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экенин билдирип, бийликке бир канча талаптарды коюп, митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Бийлик бул шайлоолор «таза» өткөнүн билдирсе, Башкы прокуратура «олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын» кабарлады.

Количество просмотров: 81