• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Казакстанда президенттикке талапкерлердин бири баш тартты

29 Чын куран 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

28-апрелде Казакстанда саясий партиялар менен коомдук уюмдар атынан президенттик шайлоого талапкерлерди сунуштоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына тогуз талапкер документ тапшырган.

Тогузунчу талапкер болуп «Калк демографиясы» коомдук бирикмесинен Жуматай Алиев тапшырган. Бирок, Казакстан курулушчулар бирикмесинен Талгат Эргалиев «Ак жол» партиясынын депутаты Дания Еспаеванын пайдасына талапкерликтен баш тартты.

Саясий партиялар жана коомдук уюмдар 23-апрелден баштап Казакстанда президенттик шайлоого талапкерлерди аныктоо үчүн атайын съезддерди, жыйындарды өткөрүшкөн. Эми ар бир талапкердин 118-140 шайлоочулардын расмий колу болуш керек. Кол топтоо талапкерлердин ишенимдүү адамдары тарабынан уюштурулат.

Количество просмотров: 17