• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда Путинди мазактады делген блогер камалды

28 Жалган куран 2024 16:15 Бишкек Govori.TV

Казакстанда сот YouTube каналындагы түз эфирде «Путин құйло» (суу куйду) деген сөздү айткан павлодарлык блогер жана активист Диас Кузаировду 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу Orda.kz басылмасы жазды.

Кузаировго «майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«25-мартта түз эфирге чыккам, стрим учурунда «Путин құйло» деп айткам, бирок бул деген уят сөз эмес, казак тилинен которгондо «кую» дегенди билдирет. Бул сөз казак тилинде уят деп эсептелбейт», — деди Кузаиров сотто.

Диас Кузаиров – тил сакчылары деп аталган кыймылдын уюштуруучусу. Анын мүчөлөрү сатуучулар менен аткаминерлерден казакча сүйлөөнү талап кылып, алар менен бааралашууну камерага тартып алышат. 2023-жылдын октябрында Кузаировго карата «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш козголгон. Буга блогердин расмий адамдардан аны менен казак тилинде сүйлөшүүсүн талап кылганы себеп болгон.

2022-жылы октябрда Кузаиров Казакстанга келген орусиялыктарга «Крым кимдики?» деген суроону бергени үчүн майда бейбаштык боюнча айыпталып, беш суткага камакка алынган. Ал ошондой эле 2022-жылдын январындагы нааразылык акцияларга катышканы үчүн 15 күнгө камалып чыккан.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 97