• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда шайлоо алдында активисттер кармалууда

14 Жетинин айы 2022 9:01 Бишкек Govori.TV

Казакстанда шайлоо алдында эскертүү иретинде активисттер кармалып жатканы айтылууда. “Активисттер – экстремисттер эмес” тобунун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бештен кем эмес активист 15 суткага камалды.

Активисттерди саясий жактан куугунтуктоо өлкөнүн бардык аймактарында жүрүп жатат.

11-ноябрда Астана соту “Алга, Казакстан!” оппозициячыл партиясын түзүү тобунун өкүлдөрү Венера Жанбаева, Сандугаш Кантарбаева, Мереке Нугманов, Марат Жыланбаев жана Марат Мусабаевди 15 суткага камоо жөнүндө чечим чыгарган. Аларга “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу” айыбы тагылган. Активисттердин байкоо тобу кармоо учурунда күч колдонулганын кабарлады.

Активисттерди камоого 21-августта Астанада өткөн тынч митинг себеп болгон. Алар Европарламенттин делегациясы келер алдында акция уюштуруп, саясий туткундарды бошотууну, куугунтуктоолорду токтотууну жана бардык саясий партияларды каттоону талап кылышкан.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Өлкөдөгү эң жогорку кызматка алты киши ат салышууда. Эксперттер Токаевден башка талапкерлерди “бийликтин куурчактары” катары атап, шайлоонун жыйынтыгы азыр эле белгилүү экенин айтышууда.

Количество просмотров: 56