• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда шайлоо алдында башаламандык уюштурууну көздөгөн топ кармалганы айтылды

18 Жетинин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 20-ноябрь – президенттик шайлоо күнү жапырт башаламандык уюштурмак болгон топту кармаганын билдирди.

Комитеттин 17-ноябрда жарыялаган маалыматында Алматы шаары менен Алматы облусунда кызматкерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда жети адам кармалганы айтылат.

Бул кылмыштуу топ жапырт нааразылыкты гана уюштурбастан, административдик имараттар менен укук коргоо түзүмдөрүнүн кеңселерине куралдуу чабуул жасоону пландаганы белгиленген. Шектүүлөрдөн Калашников автоматтары, ок-дарылар, Молотов коктейли үчүн материалдар, рация алынган.

France-Presse казак атайын кызматына шилтеме жасоо менен өлкөдө оппозициянын тарапташтарынын, тактап айтканда тыюу салынган “Казакстандын Демократиялык тандоосу” уюмунун чет өлкөдө жашаган лидери Мухтар Аблязовдун пикирин тең бөлүшкөндөрдүн төңкөрүш аракетине бөгөт коюлганын кабарлады.

Казакстандагы президенттик шайлоо азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин бийлигин бекемдей турганы күтүлүүдө. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 129