2-ноябрда казакстандык «1612 Info» Телеграм каналы активист жана белгилүү марафончу Марат Жыланбаевдин сотунда тартылган сүрөт жана кыска видео жарыялады. Сүрөттө ал «нааразылык иретинде оозун тигип алганы» жазылган кагазды кармап турат.
Бул маалыматты Астана шаарынын тиешелүү департаменти «Азаттыктын» казак кызматына ырастады. Департамент өкүлдөрү активист тамактан баш тартканын, «профилактикалык баарлашуудан» кийин оозундагы жиптерди алганын кошумчалашты.
Өлкөдө каттоодон өтө албай жаткан оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Марат Жыланбаевге каршы сот жараяны 30-октябрда башталган. «Аты аталбаган» күбөлөрдүн өтүнүчү менен ал жабык режимде өтүүдө. Айыпталуучу, тарапташтары жана авдокат буга каршы чыгышкан.
Белгилүү марафончу, 60 жаштагы Марат Жыланбаев быйыл 25-майдан бери камакта отурат. Ал «Тыюу салынган уюм менен кызматташуу» жана «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо» беренелери боюнча шектелүүдө.
Жыланбаев казак бийлигин сындап, тынч акцияларга катышып жүргөнү менен белгилүү. Ал тагылып жаткан айыптоолордун баарын четке кагууда. Активист жана анын санаалаштары бул иште саясий өңүт бар деп эсептешет.