Уральск шаарында судья жумуш ордунда каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, тергөө судьясы Нурлан Губашев 10-март күнү эртең менен жумуш ордунда каза болгон.
Батыш Казакстан облусунун Саламаттыкты сактоо департаментине окуя болгон жерге чакыруу саат 9:48де түшкөн. 1968-жылы туулган судья кызмат учурунда капысынан өзүн начар сезип, эсин жоготкон.