• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстанда суу ташкынынан миңдеген адам эвакуацияланды

31 Жалган куран 202412:42 Бишкек Govori.TV

Казакстандын аймактарында суу ташкындап, 7 783 адам эвакуцияланды, анын 2800ү — балдар. Бул тууралуу Sputnik Казакстан өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Республикалык штаб суу каптаган Актөбө, Акмоло, Костанай, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустарын көзөмөлгө алган.

ӨКМ жана жергиликтүү аткаруу органдары суу ташкындаган аймактардан 3,5 миллион куб метр суу сордурган.

28-мартта жаратылыш кырсыгына байланыштуу Костанай облусунун үч районуна, 29-мартта Абай облусундагы Аксаут районуна, Актөбө облусуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Кийинчерээк мындай кырдаал Кылшакты дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Көкшөтоодо да кабыл алынган.

Количество просмотров: 200