• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстанда өткөн айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды

27 Баш оона 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын Батыш Казакстан облусунун Таскала районунун 90 жылдыгына арналган «Тамыры терең Таскала» аттуу Эл аралык айтышта Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, Арген Биймырза уулу баш байгени багындырып. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Таланттуу жаш акын Арген Биймырза уулу Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенет.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 30-31-август күндөрү Ош шаарында Эл аралык айтыш өтөт. Ага 4 мамлекеттин төкмөлөрү катышат. Байге фонду 3 млн. сом

Количество просмотров: 112