• Дүйшөмбү 15 Кулжа 2026
  • Понедельник 15 Июнь 2026

Жаш төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт

15 Кулжа 20269:15 Бишкек Govori.TV

30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык ”Жаш таңдай – 2026” айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш төкмө акындардын чыгармачылык дараметин колдоо, айтыш өнөрүнүн салттарын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды жаш муунга жайылтуу жана таланттуу жаштарды аныктап, алардын өнөрүн кеңири коомчулукка таанытуу болуп саналат.

Айтыш эки баскычта өткөрүлөт. Алгачкы тандоо туру 18-июнда саат 14:00дө Кыргыз улуттук ”Манас“ театрында өтөт. Тандоодон ийгиликтүү өткөн жаш акындар финалдык баскычта күч сынашат.

Республикалык айтыштын финалы 5-июлда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы ”Ынтымак-2“ паркындагы амфитеатрда өткөрүлөт.

Количество просмотров: 39