Бүгүн Талас облусунун 80, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракеде «Урааным Манас!» оюн-зоок фестивалы соңуна чыкты.
Бул фестивалда манас айтуу, сармерден жана кыргыз-казак акындары катышкан эл аралык айтыштын жыйынтыктары чыгарылды.
Бардык катышуучулар ыраазычылык менен катар бир топ белектерге ээ болушту.
Ошондон кийин жалпы көпчүлүк кызыгып көргөн айтыштын жеңүүчүлөрү да аныкталды. Адегенде 30 миң сомдук кызыктыруучу сыйлык менен Шайлообек Отунчиев, Тынчтык Эсенбай уулу, Чыңгыз Кожошев, Асылбек Маратов, Мамбеттокто Мамбеторозо, Кутман Садыбакасов жана Турдубек уулу Садырбек сыйланышты.
50 миң сомдук сыйлыктарга Элмирбек Иманалиев, Акматбек Султан уулу жана Кадырбек Бейшенов татыктуу болушту.
Талас облусунун мааракесине арналган эл аралык айтыштын үчүнчү орунун ээлеп жана 100 миң сом сыйлыгын Темирбек Матыбаев, ал эми экинчи орунга чыгып жана 150 миң сом сыйлыкты Жибек Сапар кызы жеңип алышты. Биринчи орунду жана 200 миң сомдук сыйлыкты казак акыны Бек Шмат утуп алды.
Айтыштын баш байгеси 250 миң сом сыйлыгына КР эмгек сиңирген артисти айтылуу төкмө акын Абдылда Нуралиев татыктуу болду.