12-октябрда Нур-Султандагы административдик сот каттоодон өтпөгөн «Казакстандын демократиялык партиясынын» төрт активистине айып пул салды. Өкүмгө ылайык, алардын ар бири мамлекетке 14,5 миң теңгеден (34 доллар) төлөп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу активист Инга Иманбай билдирди.
Анын айтымында, аларга Улуттук банктын алдында акция өткөргөндөн кийин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылган.
— Азырынча соттун өкүмү жарыялана элек. Айгерим Тлеужан жана Аружан Дуйсебаева аттуу дагы эки активисттин соту бүгүн болот. Азыр алар камакта отурушат, — деди Иманбай.
12-октябрда «Казакстандын демократиялык партиясынын» мүчөлөрү өлкөнүн Улуттук банкынын алдында акция өткөрүп, калкка насыя боюнча мунапыс берүүнү талап кылышкан. Активист Айгерим Тлеужандын айтымында, чогулгандар бийликке бир нече талап койгон:
Активисттер Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаевдин чыгышын талап кылып, имараттын алдында ачкачылык жарыялай турганын билдиришкен. Бирок кечке жакын аларды полиция кармап кеткен.