• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Казакстанда уюлдук байланыш менен интернет начарлады

5 Үчтүн айы 2022 19:41 Бишкек Govori.TV

Казакстанда уюлдук байланыш менен интернет начар иштеп жатат. Бир катар мамлекеттик органдардын сайттарына башка өлкөдөн кирүүгө мүмкүн болбой жатат.

Ошондой эле zakon.kz, tengrinews.kz жана vlast.kz сайттарына, «Sputnik Казакстан» басылмасынын сайты ачылбай калганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. 

Количество просмотров: 79