• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Казакстанда «жапырт башаламандыкка чакыргандарга» жаза күчөтүлөт

10 Жалган куран 2023 10:34 Бишкек Govori.TV

Казакстанда “жапырт башаламандыкка чакыргандарга” жаза катаалдашат. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди.

9-мартта Парламенттин сенатында “Сот адилеттиги, жаза аткаруу тармагындагы адам укуктары жана кыйноонун алдын алуу боюнча Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык жана Жаза аткаруу кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

«Жапырт башаламандыкка чакыруу үчүн санкция күчөтүлөт. Кылмыш кодексинде үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Телекоммуникация түйүндөрүн пайдалануу менен жасалган кылмыш үчүн үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу киргизилди», — деди Марат Ахметжанов

“Азаттыктын” казак кызматы мыйзам кабыл алынса, “жапырт башаламандык” үчүн соттолгондор мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошонуп чыгуу мүмкүндүгүнөн ажырай турганын жазды.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, “Кыйноо” беренесине “Ырайымсыз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиле жасоо” бөлүгү киргизилет.

“Бул кыйноо фактыларын катаал мамиледен айырмалоого жана мыйзамдагы боштукту жоюуга жол ачат”, — деп түшүндүрдү ИИМ башчысы.

Казакстанда Январь окуяларынан кийин кыйноо же ырайымсыз мамилеге даттанган учурлар көбөйгөн. Бул боюнча көптөгөн кылмыш иштери сотко жеткен эмес. Бийлик адегенде кыйноо фактыларын четке кагып, кийин тергөө абактарында тартип сакчыларынын колунан бир нече киши өлгөнүн мойнуна алган.

Количество просмотров: 174