Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө саат 19:00 чамасында кампалардын биринин жанында өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында жарылуу орун алган. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле анын жаралуу себептери да такталууда.