• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстандагы парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү болушу мүмкүн

15 Тогуздун айы 2020 13:43 Бишкек Govori.TV

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой COVID-19га байланыштуу алдыдагы парламенттик шайлоону онлайн добуш берүү аркылуу өткөрүү ыктымалдыгын четке каккан жок.

Министр 14-октябрдагы басма сөз жыйынында ушу тапта «эпидемиологиялык абалга жараша добуш берүүнүн бир нече форматы» каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, министрлик бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен кеңешмелерди өткөрдү.

  • Биздин милдетибиз шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу. Добуш берүү кандай форматта өтпөсүн, биз үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы маанилүү. Биз добуш берүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Шайлоонун коопсуз өткөрүү үчүн болгон чараларды көрөбүз», — деди Цой.

Күн мурун Аvaaz.org сайтында парламенттик шайлоодо онлайн-добуш берүүгө каршы петиция жарыяланган. Анын авторлору пандемия шартында шайлоону кийинкиге жылдырууну сунуштап, президент Касым-Жомарт Токаевден онлайн жана аралаш добуш берүүгө тыюу салууну талап кылууда.

«Өткөн праймериз добуш берүүнүн бул системасы ачык-айкын болбой турганын көрсөттү. Биздин санарип системабыз техникалык жактан да, мыйзам жагынан да добуш берүүнүн мындай түрүнө даяр эмес. Казакстандын Конституциясында да, «Шайлоолор жөнүндө» мыйзамдын электрондук добуш берүү тууралуу беренесинде да интернет добуш берүү каралган эмес. Биздин мыйзам добуш берүүнүн каралбаган башка түрлөрүнө тыюу салат», — деп жазылган петициянын текстинде.

Бүгүнкү күнгө карата петицияга 218 киши кол койду. Мыйзамга ылайык, Казакстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 25-январына чейин өтүшү керек. Азырынча шайлоонун датасы жарыялана элек. «Нур Отан» партиясынын талапкерлерин тандоо боюнча праймериз октябрдын башында өткөн. Бул өнөктүктү катышуучулар менен байкоочулардын көбү сынга алып, ал ачык-айкын эмес экенин, бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышкан.

Количество просмотров: 46