• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Казакстандан келген кыргызстандык 19 жаран карантинге жаткырылды

19 Жалган куран 2020 11:03 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто калган Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Бул тууралуу 19-мартта Туризм ассоциациясынын жетекчиси Эрмек Мырзабеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Москва районунун Беловодск айылындагы ооруканага жаткырылды. «Алар 14 күн карантинде болот», — деди ал.

Буга чейин Алматы шаарынын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан учкан 19 кыргызстандык жаранды учактан түшүрбөй жатканын учактын жүргүнчүсү, «Жалал-Абад укук коргоо» уюмунун директору Валентина Гриценко билдирген.

Анын айтымында, каттам Алматынын аэропортуна эртең мененки саат алтыда конгон. Алар менен учуп келген казакстандыктарды санитардык кызматкерлердин текшерүүсүнөн (тепловизор) өткөн соң дароо чыгарышкан.

Количество просмотров: 194