Казакстандык 58 жаштагы жаранды сүзүп кеткен Lexus RX 330 автоунаасынын айдоочусу тергөө абагына эки айга киргизилди. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечимди 17-июль күнү Ысык-Көл облустук соту кабыл алган.
Эске салсак, 16-июль күнү саат 07:40та Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык 1964-жылы туулган Д.М. аттуу спортчуну сүзүп алган. Бул факты Ысык-Көл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.