Интернетте Орусиядан келе жатып, бирок Казакстандын чек арасынан өтө албай жаткан жарандардын кайрылуусу тарады. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Тилек Нурбеков өздүк баракчасына жарыялады.
Кайрылууда жарандар Казакстан чек арадан өткөрбөй жатат. Артка кайталы дешсе, Орусия киргизбейт деген пикирин айтышууда.
«Бензинибиз түгөндү, акчабыз да түгөнөт. Тамак-аштан кыйналып жатабыз. Эмне болорун билбейбиз», — дешти алар. Өзбек, тажик мамлекеттеринин өкүлдөрү өзүлөрүнүн жарандарын чыгарып кеткенин айтышууда. Мындан улам тиешелүү мамлекеттик мекемелер чек арадагы жагдай тууралуу маалымат берип коюусун өтүнөм», — деп жазган ал
Ал эми Россиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөхз катчысы бул жагдай тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында видеодо көрсөтүлгөн жарандар нейтралдык аймакта эмес, РФсынын аймагында Казакстандын чек арасынын ачылышын үмуттөнүп кетпей күтүп жатышкандыгын айтты.
Бул видеодо КРнын Оренбург шаарындагы Ардактуу Консулу Таалайбек Жандар уулу КРнын РФ-дагы Элчиси А.Джекшенкуловдун тапшырмасы менен РФ-сынын “Сагарчин” чегара өткөрүү пунктунда Кыргызстандын жарандарында Казахстан тарабынан киргизилген убактылуу чектөө алынгыча авто унаа менен Казакстандын мамлекеттик чегарасын өтүүгө мүмкүн эместиги туралуу түшүндүрмө берип, жана КР-сынын жарандарына РФ-дагы убактылуу жашаган жерлерине кайтып, аталган Казахстан чек арасындагы чектөөлөр алынгычакты күтүп, же болбосо КР-га авиа каттам менен жетип алууну сунуштап жатат.
Азыркы учурда, Кыргызстандын айрым жарандары аталган сунуштарды түшүнүү менен кабыл алып, Россиядагы жашаган жерлерине кайтып келишти, айрымдары темир жол менен Кыргызстанга кетишти.
Ал эми видеодо көрсөтүлгөн жарандар нейтралдык аймакта эмес, РФсынын аймагында Казакстандын чек арасынын ачылышын үмүттөнүп кетпей күтүп жатышат.
Айтылгандын негизинде, соцтармактарда чындыка дал келбеген маалыматты таркатуудан баш тартууңузду сунуштайбыз