• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстандын президенти Кытайга барат

27 Жалган куран 2024 16:08 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-29-мартта Кытайга иш сапары менен барып, Боао-Азия форумунун жыйынына катышат. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сапардын программасында президент менен Кытай жетекчилигинин, эл аралык уюмдардын жана ири кытайлык компаниялардын башчыларынын бир катар жолугушуулары камтылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Токаевдин Кытайга пландалган сапары анын Шинжаңдагы адам укуктарын бузууга катыштыгы бар деген айып менен эл аралык санкцияларга кабылган Шинжаң-Уйгур автоном районунун төрагасы Эркин Тунияз менен Астанадагы жолугушуусунан бир күн өткөндөн кийин маалымдалды.

Токаев кытайлык аткаминер менен болгон жолугушууда Казакстан үчүн Кытай менен кызматташуу «пайдалуу жана зарыл» экенин айтып, Астана бул өлкө менен кызматташууну өнүктүрүүгө ынтызар экенин билдирген.

Акордонун расмий маалыматында Шинжаңдагы казактар, уйгурлар жана башка түрк тилдүү этникалык топтордун куугунтукталып жатканы тууралуу сөз болгон эмес. Шинжаңда негизинен ислам динин тутунган этникалык азчылыктардын жапырт түрдө кармалып, алар үчүн «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» түзүлүп жатканы тууралуу маалымат алгач 2017-жылы жазында пайда болгон. Бээжин башында лагерлердин бар экенин четке каккан, бирок кийин терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн лагерлер уюштурулганын мойнуна алган.

«Азия Давосу» деп да аталган жыл сайын өтүүчү Боао- Азия форуму 26-мартта башталып, төрт күнгө созулушу күтүлүүдө. Жолугушуу Кытайдын Хайнань провинциясындагы Боао курорттук шаарында өтөт. Быйыл форум 22-ирет өтүп жатат. Маалыматтарга караганда, Орусия форумга вице-премьер-министр деңгээлинде катышат.

Количество просмотров: 55