• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстандын президенти Өзбекстанга барды

5 Чын куран 2024 18:02 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 5-апрелде Өзбекстанга барды. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Үргөнч шаарынын аэропортунан Токаевди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Салтанаттуу азем болуп, улуттук ыр-бийлер аткарылды. Бүгүн лидерлер байыркы Хиванын тарыхый эстеликтери менен таанышат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери «өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, экономиканын негизги тармактарында байланыштарды өнүктүрүүгө, транспорт жана энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле гуманитардык программаларды жандандырууга өзгөчө көңүл бурары күтүлүүдө».

Токаев менен Мирзиёев чөлкөмдө актуалдуу болуп жаткан малелелерди да талкуулашат.

Количество просмотров: 110