• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандын Сенаты Назарбаевдин ыйгарым укуктарын кыскартты

27 Үчтүн айы 202212:32 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Сенаты (парламенттин жогорку палатасы) Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинде жана Казак элинин ассамблеясында өмүр бою төрагалык кылуу ыйгарым укугун жокко чыгарууга макул болду. Бул тууралуу «Orda.kz» жазды.

«Сенаторлор Коопсуздук кеңеши жана Казакстан элинин ассамблеясындагы кызмат орду боюнча мамлекет башчысы жетектей турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү колдошту. Ошол эле учурда мыйзам долбоорун талкуулоодо дагы бир түзөтүү киргизилди. Тагыраагы, «Биринчи Президент жөнүндө» мыйзамдын «тышкы жана ички негизги багыттар боюнча демилгелер Элбасы менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлөт» деген нормасы жокко чыгарылды», — деди депутат Ляззат Сулеймен жыйында.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана жакындары кызматтан алынууда.

Количество просмотров: 97