• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казак бийлиги Назарбаевдин инисинин 120 млн. доллары өлкөгө кайтарылганын билдирди

20 Бештин айы 2023 16:35 Бишкек Govori.TV

Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды мыйзамсыз чыгарып кеткен 54 миллиард теңгеден ашык каражат өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

«Быйыл декабрь айында эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы К. Сатыбалдынын жалпы суммасы 120 млн. АКШ долларын түзгөн акчалай каражатын кайтарды», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Бул каражат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн республикалык бюджетке которулганы белгиленген.

Мамлекетке акча кайтарылганы тууралуу кабар сот колониядагы Кайрат Сатыбалдыны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартканы тууралуу маалымат тараган күндүн эртеси чыкты.

Өткөн жылдын сентябрь айында Кайрат Сатыбалды шериктери менен бирге 40 миллиард теңгеге жакын акчаны уурдаган деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 110