• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Назарбаев фонду селдин кесепеттерин жоюу боюнча бийликтин аракеттерин колдой турганын билдирди

18 Чын куран 2024 9:47 Бишкек Govori.TV

Нурсултан Назарбаевдин фонду ири суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча өлкө бийлигинин аракеттерин бардык жактан колдоп жатканын билдирди.

«Айрым социалдык медиалар Нурсултан Назарбаевдин фонду бийликтин кадырын кетирүүгө жана коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган маалыматтык өнөктүк жүргүзүп жатканы жөнүндө жазышты. Фонд бул маалыматтарды төгүндөп, мындай билдирүүлөр үчүн эч кандай объективдүү негиздер жок экенин билдирип коюу зарыл деп эсептейт. Нурсултан Назарбаев фондунун ишмердүүлүгү саясий да, маалыматтык-манипуляциялык да мүнөзгө ээ эмес. Фонддун иши социалдык долбоорлор менен жарандык демилгелерди гана өнүктүрүүгө, казак жаштарын колдоп, кайрымдуулук кылууга багытталган», – деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары фонд суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча казак өкмөтүнүн аракеттерин колдой турганын билдирип, жабыркаган аймактардын тургундарына жардам берүү үчүн фонд алгачкылардан болуп каражат которгонун белгиледи.

«Нурсултан Назарбаев президент Касым-Жомарт Токаевди, анын саясий багытын дайыма колдогон жана колдоосун улантууда. Бул күндөрү экс-президент өлкөнүн башка көптөгөн жарандары сыяктуу эле селден жабыркаган казакстандыктарга кабатырланууда», – деп жазылган билдирүүдө.

Нурсултан Назарбаев өзү суу ташкындары боюнча билдирүү жасай элек.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн Акмоло, Актөбө, Костанай, Атырау жана Түндүк Казакстан облустарында 5 800дөн ашык турак-үй жана 1 350 короо-жай суу алдында калууда. Селден улам эвакуациялангандардын саны 116 миңден ашып, жалпысынан 9,8 миллион куб метр суу сордурулганы кабарланды.

Количество просмотров: 74